super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

№13 округдагы талапкерлер кайра шайлоого катышуу укугун жоготту (видео)

 

13-округда шайлоо бир ай ичинде кайра өтөт, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албайт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 3-декабрда болгон жыйында билдирди.

Айта кетсек, 13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы өнөктүк учурундагы мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу жокко чыкты. Мыйзамга ылайык, жыйынтык жокко чыгарылгандан кийин бир айдын ичинде кайра шайлоо белгиленет.

Ал эми талапкер болгон 14 жаран кайрадан добуш берүүгө катыша албайт. Тизме:

  • Талант Мамытов
  • Бактыбек Сыдыков
  • Айбек Алтынбеков
  • Чынара Жураева
  • Гүлназ Нурбаева
  • Сайдулла Нышанов
  • Олмаскан Султанова
  • Гүлназ Жээнбекова
  • Жаныбек Курбаналиев
  • Мунара Маматалиева
  • Айбек Саипов
  • Нурланбек Кенжебаев
  • Айгүл Карабекова
  • Мейкинбек Абдалиев

БШКнын чечимине макул болбогон талапкерлер сотко кайрылса боло тургандыгы жыйында маалым болду.

Айта кетсек, алдын ала маалымат боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болду.






№13 округундагы талапкерлер кайра шайлоого катышуу укугун жоготту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: