super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жолдошунан өч алуу үчүн балдарын сабаган келин кармалды

 

Жолдошунан өч алуу үчүн балдарын сабаган келин кармалды. Окуя Сокулук райондук милициясына катталып, тергөө башталганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, интернет желесинде жолдошун сөгүп, уулу менен кызын сабап жаткан келиндин видеосу тарады.

Текшерүү учурунда аялдын жана балдардын өздүгү аныкталды. Алар Сокулук айылынан 1995-жылы туулган М.А., анын күйөөсү 1988-жылкы Н.М. аттуу жарандар экендиги аныкталды. Сабалган балдарынын бири 9, экинчиси 7 жашта.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) жана 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөдө окуя 26-ноябрда болгондугу, аял күйөөсү менен пикир келишпестикте жүргөн учурда балдарын сабаганы аныкталды. Келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: