Жол жээгине сүрөтү илинип... Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Пакистанга барды (видео)
Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров Пакистанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын учагы "Нур Хан" авиабазасына конду. Эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Жапаровду Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, премьер-министри Шахбаз Шариф, ошондой эле башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчысынын келишинин урматына 21 жолу замбирек атылды.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри, президенти, Улуттук ассамблеянын спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Пакистан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат.
Садыр Жапаровдун учагы Пакистандагы "Нур Хан" авиабазасына конду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















