super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы жаратылыш кырсыгынын курмандыгы көбөйүүдө

 

Индонезия, Шри-Ланка, Таиланд жана Малайзияны каптаган катуу селдер менен жер көчкүлөр 1400дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул жаратылыш кырсыгы аталган өлкөлөрдө акыркы айларда катталган эң чоң табигый кырсыктардын бири экенинин чет элдик басылмалар жазышууда.

Эң көп жапа чеккен өлкө Индонезия. Ал жакта 753 адам каза тапты. Шри-Ланкада курмандыктар 465ке жетти. Таиланд менен Малайзияда да ондогон адамдар көз жумуп, жалпы жоголгондордун саны 1000ден ашты.

Селдер жолдорду, көпүрөлөрдү жана үйлөрдү кыйратып, айрым райондор жашоого жараксыз абалга кептелди. Куткаруучулар жетүүгө кыйын аймактарда иштеп жатышат.

Он миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары бул кырсыкты “2018-жылы Сулавесидеги жер титирөөдөн кийинки эң кооптуу апаат” деп атады.

Адистер бул кырсыктардын күчөшүн климаттын өзгөрүшү жана экстремалдык аба ырайы менен байланыштырышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: