super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Мамлекеттик катчы “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

 
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.
Ал белгилегендей, “Манас” дегенде улуттун руханий өзөгү, чыныгы атуулдук милдет, мекенчилдик, ошондой эле эл биримдиги менен өлкөнүн бүтүндүгү эске келет.
“Өз тарыхын сыйлаган элдин келечеги бекем, өз мурасын урматтаган элдин руху түбөлүк болот” деп айтылгандай, дүйнө элинде теңдеши жок “Манас” үчилтигинде кыргыз элинин тарых-таржымалы, көөнө маданияты, эл аралык мамилелер саясаты, басып өткөн даңазалуу жолу, жалпы адамзатка калтырган улуу мурастары түгөл камтылган. Ооба, кыргыз элинин басып өткөн жолу кайсы бир убактарда таштарга чегилип жазылса, ошону менен катар эле оозеки аңыз түрүндө айтылып, ал ооздон оозго өтүп, улам кийинки муунга калып, кошулуп-көбөйүп олтуруп, өтө чоң көлөмдүү чыгармага айланган.
Байыртадан эле тапканын тең бөлүшкөн кыргыз эли улуу дастанын адамзаттык дөөлөт катары баалап, 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрдү. Ага улай 2013-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине каттатты.
Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча “Манас” эпосунда 500дөн ашуун жер-суунун аталыштары, миӊдеген адамдардын ысымдары, тамак-аштардын, курал-жарактардын, кийим-кечектердин, абаздык аспаптардын, эң негизгиси - нечендеген улуттардын аттары да айтылат. Залкар жана чыгаан жомокчулар “Манасты” 28 түрдүү кыраат менен 3 ай бою тынбай айтып, түгөтө албагандыгы элибиздин эсинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Көрсө, чоң жомокчунун эргүүсү ташкындап келгенде, окуяны уламдан-улам шөкөттөп, башка бир жагдайларды кошуп кеңейтип кете берет тура. Мына, анын чыныгы баалуулук касиети.
Президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.
Албетте, мына ушундай керемети төгүлгөн, накыл казынасынын ар бир ширесин кемитпей сактап, өстүрүп келе жатканы – эл болгону менен, элдин ичинде касиет жалгаган өнөрдү туу тутуп, анын артынан түшүп, руханий кенч жараткандар, сейрек өнөр ээлери – манасчылар. Туура, Жараткан мындай шыкты, жөндөмдү ар кимге эле бере бербейт. Карт тарыхтын айдыңында өчпөс изин, өлбөс атын калтырган улуу манасчылар бүгүн да биз менен жашап келе жатышат десек аша чапкан болбойбуз.
Канчалык илим, билим, технология эң жогорку бийиктерге жетпесин “Манас” эпосу сыяктуу улуу баяндар адам сезиминен, уйгу-туйгусунан, касиет-касиретинен жана жан дүйнөсүнөн гана жаралат. Бул – акыйкат. Анткени эпостун көлөмүн, ага жараша көркөмдүк, тарыхый, философиялык, ыйыктык сезимдерин белгилүү гана адамдар – манасчылар жарата алышат.
Ошондуктан манасчыларды, манас таануучуларды, улуу эпосту даңазалап жүргөн өнөр адамдарын жана жалпы элибизди “Манас” эпосунун күнү менен дагы бир жолу куттуктайм.
Ата-бабаларыбыздан мурас калган дастандарыбыз миңдеген жылдар дагы да сакталып, өнүгө берсин! Ар бир мекендешиме бекем ден соолук, бакыт каалайм!”,- деп айтылат куттуктоодо.
Маалымат үчүн: Өкмөттүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомунун негизинде "Манас" эпосунун күнү жыл сайын 4-декабрда белгиленет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: