№13 округдагы 35 шайлоо тилкесинде мыйзам бузуу болгону аныкталды
Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. БШК аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра өтөрүн, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, №13 округдагы 35 шайлоо тилкесинде талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз видеокөзөмөлдөрдү орнотуп, добуш берүү учурунда шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганы аныкталган. Округ боюнча жалпы 94 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Талапкерлердин өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн видеого тартууну токтотууга жасаган аракеттерине баш ийишкен эмес.
БШК участкалык комиссиялар өз милдеттерин канчалык тийиштүү деңгээлде аткаргандыгын аныктоо үчүн алардын иши да караларын кошумчалады.
Алдын ала маалымат боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болчу.
Аталган округга Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын № 2423, № 2428, № 2140, № 2141 шайлоо участкалары, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары толугу менен, Ноокен районунун Садырбаев, Алиев, Момбеков айыл аймактары, Кочкор-Ата шаары жана Майлуу-Суу шаары толугу менен кирет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















