super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Сиз ушуга татыктуусуз". Пакистанда Садыр Жапаровго болгон урмат-сый

 

Кечээ, 3-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Пакистанга иш сапары менен барды. Мамлекет башчыны аба майдандан аталган өлкөнүн президенти Асиф Али Зардари менен премьер-министри Шахбаз Шариф чогуу тосуп алышты.

Садыр Жапаровдун ал жакка барышынын урматына 21 жолу замбирек атылды. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Жапаровду салтанаттуу тосуп алууга кызыгып, Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханга суроо узатканын билдирди.

Ал болсо, аба майдандан бир учурда президент менен премьер-министрдин тосуп алгандыгы сейрек көрүнүш экенин, мындай көңүл буруу ошол мейманга болгон жогорку сый-урматтын белгиси катары бааланаарын айтып жооп кылган.

"Пакистан жетекчилиги Садыр Жапаровдун мындай урмат-сыйга татыктуу экенин баса белгилешип, "сиз ушуга татыктуусуз!" дешти",- деп жазды Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: