ТИМ башчысы Кулубаев пакистандык кесиптеши менен сүйлөштү

Министр Кулубаев соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Ал бул багыттардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейиши эки өлкөнүн ишкерлеринин байланышын тереңдетип, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Ошондой эле тараптар аймактык коопсуздук маселелерин талкуулап, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөштө аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тармакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара байланышын күчөтүүгө кызыкдар экендиктери айтылды.
Министрлик белгилегендей, жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ар тараптуу мамилелерди мындан ары да туруктуу түрдө тереңдетүү боюнча ишти улантууга даяр экендиктери айтылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















