Сүйүнбек Касмамбетов "Манастан" үзүндү айтып, элдин назарын бурду (видео)
Бүгүн, 4-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Манас" эпосунун күнүнө карата өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чарада мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Манас" эпосунан үзүндү айтып, элдин назарын бурду. Бул тууралуу видео Кыргыз улуттук "Манас" театрынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда "Манас" театрынын директору, манасчы Нурбек Талантбеков "Манастан" үзүндү айтып, микрофонду Касмамбетовго узатканын, ал улантып манас айтканын көрүүгө болот. Залда отургандар колдоп-коштоп кетишти.
Айта кетсек, өлкөдө ар жылы 4-декабрда - "Манас" эпосу күнү белгиленип келет.
Эске салсак, май айында Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан кеткен. Азыркы учурда БШКнын мүчөсү.
Видео: "Манас" театры
Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосунан үзүндү айтып элдин назарын бурду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















