Бишкектеги мончо жана сауналар текшерилди
Бишкек шаарында иштеп жаткан мончо жана сауналар текшерилип, тыюу салынган заттарды өрттөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жайлардын 83ү текшерилип, жыйынтыгында 49 мончо менен сауна катуу отун (көмүр жана отун) колдонору аныкталды. Дагы 8 объект газга же электр жылытууга өткөнү белгилүү болду. Ал эми калгандарынын иши токтотулду.
Ошондой эле майда көмүр колдонуп жаткандар аныкталып, протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүрдү.
Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарына экологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертип, аларды төмөнкүлөргө чакырат:
* жылытуу үчүн майларды, таштандыларды жана башка уулуу заттарды колдонбоого;
* жалбырактарды, чөптөрдү жана тиричилик калдыктарын өрттөбөөгө;
* мүмкүн болушунча газ менен жылытууну кошкондо экологиялык жактан таза күйүүчү майларга өтүүгө.
Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаар аймагында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, авто майларын, боёк материалдарын жана пластмасса, каучук, желим, резина буюмдарын өрттөөгө тыюу салынат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















