Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көлдөгү окуяны териштирүүгө чакырды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жарандардын конституциялык укуктарын так сактоого чакырды. Акыйкатчы ар бир жаран мамлекеттик органдарга кайрылууга жана белгиленген мөөнөттө жооп алууга укуктуу экенин эскертет.
Ошондой эле укук коргоо органдары жарандардын кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жана кабыл алынган чечим тууралуу аларды кабардар кылуусу керек.
Акыйкатчы институтуна Ысык-Көл облусунун Темировка айылынын 20 жаштагы тургуну М.Н. кайрылган. Арызда белгиленгендей, анын 24 жаштагы жолдошу А.С. “Улуттук электр тармактарынын” Ысык-Көл облусундагы филиалында электромонтёр болуп иштеген.
2025-жылдын 20-май күнү жолдошу дем алыш күнү жумушка чакырылып, Григорьевка аймагындагы жабыркаган электр линияларын калыбына келтирүүгө барып, ток урган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жүрөгү токтоп калганы жазылган. Каза болгон жарандын артында жубайы жана бир жашка чыга элек кызы калды.
Арыз ээсинин айтымында, Ысык-Көл РИИБинин тергөөчүсү тергөөнү жүргүзбөй, 27-июлда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган, бирок үй-бүлөгө кабарлаган эмес.
Акыйкатчы институту арыздануучуга укуктук кеңеш берди. Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБиге дооматтарды толук жана ар тараптуу текшерүүнү, ошондой эле кызматтык иликтөөнү жүргүзүүнү сунуштап кат жолдоду.
Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартууну негизсиз деп таап, материалдарды кошумча текшерүүгө жөнөттү. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















