super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Сыдыковдун айынан..." №13 округдан жеңип чыккан талапкер БШКны сотко берет

 

Кезексиз парламенттик шайлоого №13 окуругдан катышкан талапкер Айгүл Карабекова Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берерин айтты. Бул тууралуу ал Би-Би-Синин кыргыз кызматына билдирди.

"Мен азыр БШКны сотко бергени кетип жатам. Кимдир бирөөнүн айынан биз жабыр тартпашыбыз керек да. Биз тарапка эч ким арызданган жок. Мыйзам бузган жокпуз. Сыдыковдун айынан биз эмнеге четтетилишибиз керек?",- деген ал.

Кечээ, 3-декабрда БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Анда округдагы 35 шайлоо тилкесинде талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз видеокөзөмөлдөрдү орнотушканы себеп болгону айтылат.

Буга чейин социалдык тармактарда Ноокендеги №2410 шайлоо тилкесинде добуш саноо урнасынын үстүнө телефон аркылуу видеокөзөмөл орнотулганы тартылган видео тараган. Аны орноткондор укук коргоо органдарына депутатыкка талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү экенин айтышкан.

Айта кетсек, алдын ала маалымат чыгарылган жыйынтыктар боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: