super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Министр мамлекеттин коңшу өлкөлөргө суу берүү милдеттенмеси жок экенин айтты

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев мамлекет коңшу өлкөлөргө кошумча суу берүү боюнча милдеттенме албаганын билдирди.

Ал Би-Би-Сиге курган маегинде коңшуларга өлкөдөгү ГЭСтерден иштетилип чыккан гана суу кетерин айтты.

"Алмашуу деген сөз жок. Кыргызстан андай милдеттенме алган эмес. Кантип, мен милдеттенме алам, эгерде бүгүнкү күндө суубуздун көлөмү 10,7 миллиард куб метр болуп жатса. Алдыда дагы 4 ай бар. Мен билбейм, кыш кандай суук болот?" - деди министр.

Эске салсак, ноябрь айында Энергетика министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу жана энергетика тармагында кызматташуу, өз ара колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишишкенин кабарлаган.

Маалыматта Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга күз-кыш мезгилинде электр энергиясын беришери, бул өз кезегинде Токтогул суу сактагычында суу топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөрүн, топтолгон суу вегетация мезгилинде Казакстан менен Өзбекстанга берилери айтылган.






Министр мамлекеттин коңшу өлкөлөргө суу берүү милдеттенмеси жок экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: