super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Пакистандын өкмөт башчысынын кеңсесине барды (сүрөт, видео)

 

Бүгүн, 4-декабрда Исламабад шаарында өкмөт башчынын кеңсесинде президент Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президенттик администрация билдиргендей, Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды.

Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Андан соң ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.

Буга удаа салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду.

Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип дарак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.






Садыр Жапаров Пакистандын өкмөт башчысы менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: