super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Жылдын мыкты улакчысы ким? Бишкекте "Улуттук спорт мыктылары" аныкталууда (видео) 

 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан бүгүн, 4-декабрда "Улуттук спорт мыктылары 2025" аттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага мамлекеттик ишкерлер, спортчулар жана аларды колдоп келген күйөрмандар катышууда.

Дирекция тарабынан уюштурулуп жаткан жыл жыйынтыктоочу иш-чара алгачкы ирет өтүүдө. Салтанаттуу иш-чара жыл мыктыларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталды.

Жалпысынан 17 номинация бар. Алар:

  • Ордо боюнча жылдын мыкты оюнчусу;
  • Тогуз коргоол боюнча жылдын мыкты оюнчусу;
  • Эр эңиш боюнча жылдын мыкты балбаны;
  • Кыргыз күрөш боюнча жылдын мыкты балбаны;
  • Алыш бел боо күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны;
  • Улуттук спорт боюнча жылдын мыкты балбан кызы;
  • Көк бөрү боюнча жылдын мыкты улакчысы;
  • Көк бөрү боюнча жылдын мыкты аргымагы;
  • Көк бөрү боюнча жылдын мыкты командасы;
  • Кулатуу боюнча жылдын мыкты мушкери;
  • Жылдын мыкты жаачысы;
  • Улуттук классикалык күрөш боюнча жылдын мыкты балбаны;
  • Улуттук спорт түрүнөн жылдын мыкты машыктыруучусу;
  • Улуттук оюндар боюнча жылдын мыкты федерациясы;
  • Аламан ат чабыш боюнча жылдын мыкты күлүгү;
  • Ат чабыш боюнча жылдын мыкты саяпкери;
  • Ат чабыш боюнча жылдын мыкты чабандеси.

Добуш дирекциянын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу жана түз эфирде берилди. Учурда мыктылар аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылууда.






Жылдын мыкты улакчысы ким? Бишкекте "Улуттук спорт мыктылары" аныкталууда (видео) 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: