Шайлоо-2025: Жыйынтыгы жокко чыккан округдан жеңген Сыдыков дооматтарды четке какты
Кезексиз парламенттик шайлоого №13 округдан ат салышкан Бактыбек Сыдыков өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, шайлоо таза өттү деген пикирин билдирди."Күрөш таза жана калыс болду. 19 миңден ашуун добуш алып, жалпы өлкө боюнча эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыгып, жеңишке жеттим. Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти.
Кыргызда "кыңыр иш кырк жылда билинет" деген сөз бар. Чындык сөзсүз айтылат. Ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет.
Мени колдогон, добуш берген, ишеним арткан, күнү-түнү жанымда турган бардык мекендештериме жана командама чоң таазим жана терең ыраазычылык!"- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Анда округдагы 35 шайлоо тилкесинде талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз видеокөзөмөлдөрдү орнотушканы себеп болгону айтылат.
Буга чейин социалдык тармактарда Ноокендеги №2410 шайлоо тилкесинде добуш саноо урнасынын үстүнө телефон аркылуу видеокөзөмөл орнотулганы тартылган видео тараган. Аны орноткондор укук коргоо органдарына депутаттыкка талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү экенин айтышкан.
Айта кетсек, алдын ала маалымат чыгарылган жыйынтыктар боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыккан.
Карабекова БШКнын чечимине каршы сотко арыз жазарын билдирди.
"Мен азыр БШКны сотко бергени кетип жатам. Кимдир бирөөнүн айынан биз жабыр тартпашыбыз керек да. Биз тарапка эч ким арызданган жок. Мыйзам бузган жокпуз. Сыдыковдун айынан биз эмнеге четтетилишибиз керек?",- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:32
2025-12-04
16:15
2025-12-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















