super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Пакистандын парламент жетекчилери менен жолугушту

 

Бүгүн, 4-декабрда президент Садыр Жапаров Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улуттук ассамблеянын спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын төрагасы Юсуф Реза Гилани менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, анда парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди, ошондой эле транспорттук-логистикалык, инвестициялык, экономикалык жана башка тармактарда келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү келечеги каралды.

Жапаров мамлекетти өнүктүрүүдөгү парламенттин ролун баса көрсөтүп, мыйзам чыгаруу органынын мамлекеттик системаны чыңдоого жана негизги реформаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымын белгиледи. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттеринин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Өз кезегинде Сардар Аяз Садик мамлекет башчысын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Пакистан парламенти парламенттер аралык уюмдардын жана форумдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө, өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: