super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Пакистандын ишкерлеринин бизнес-форумуна катышты

 

Бүгүн, 4-декабрда президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Исламабадда өткөн Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык форумга катышышты.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, бизнес-форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген толук маалымат берилди, Пакистан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Шахбаз Шариф Кыргызстандын бизнес-делегациясы менен саламдашып, форумдун жыйынтыгында тараптар соода алакаларынын өнүгүшү, биргелешкен ишканалардын түзүлүшү, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармактарга жаңы инвестицияларды салуу жөнүндө жарыялай алышат деген ишенимин билдирди.

Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-форумуна фармацевтика, туризм, маалыматтык технологиялар, тоо-кен тармагы, медицина жана логистика чөйрөлөрүндө иштеген 80ге жакын компаниянын өкүлдөрү катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: