super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Бишкекте көп функционалдуу спорт комплекси курулууда

 

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсү №62 дарегинде жайгашкан көп функционалдуу спорт комплексинин курулуш иштери уланууда. Объект тик бурчтук формасындагы эки кабаттуу имарат болуп салынып жатканынын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, имараттын жалпы аянты 2296 чарчы метр, ал эми жер тилкесинин аянты 0,2637 гектарды түзөт.

Биринчи кабатта гардероб, машыктыруучунун бөлмөсү, калыстын бөлмөсү, персонал үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, эркектер жана аялдар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, инвентар бөлмөсү, ошондой эле эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы каралган.

Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет, санитардык түйүн жана техникалык бөлмө бар.

"Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. Имараттын пайдубалы тасма түрүндө курулуп, сырткы дубалдары жана ички бөлүктөрү сэндвич-панелдерден тургузулган. Металл каркастын колдонулушу имараттын бекемдигин, энергиянын үнөмдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү эксплуатациясын камсыздайт", - деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: