super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

 

Президент Садыр Жапаровдун 3–4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына жасаган мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, сапардын алгачкы күнүндө мамлекет башчысы Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркы (NASTP) менен таанышып, авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук багытындагы инновациялык долбоорлорду көрдү.

Экинчи күнү Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика жана юстиция тармактарында бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле президент Кыргызстан–Пакистан Инвестициялык диалогунун алкагындагы бизнес-форумга катышып, анда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Сапар маалында Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен да жолугуп, соода-экономикалык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Президент 4-декабрда Бишкекке кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: