super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Медициналык окуу жайдын студенттерин донордук органдар менен окутуу сунушталууда

 
Медициналык окуу жайдын студенттерин донордук органдар менен окутуу сунушталууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документ медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн иштелип чыкканы айтылат. Анда акыркы жылдары медицинадагы билим деңгээлинин төмөндөшүнөн улам калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапаты начарлаганы белгиленген. Министрлик андыктан донордук органдарды колдонуу менен окуу куралдарын чыгарууну жана ал аркылуу практикалык сабактарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

"Пластикалык макеттер адамдын дене түзүлүшүн жана ички органдардын нюанстарын, ар бир оору үчүн өзгөчө болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү толук бере албайт. Медициналык факультеттин студенттери донордук органдар түрүндөгү көрсөтмө куралдар менен теориялык гана билимге ээ болбостон, практикалык көндүмдөргө да ээ болушат.

Алар бейтаптарга университеттен кийин эмес, студент кезинде медициналык процедураларды жана операцияларды жасоону үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул ошондой эле келечекте калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат жана акыркы жылдарда бир топ көбөйгөн медициналык каталардын санын азайтат",- деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: