super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Өкмөт "Социалдык ипотека" аркылуу майыптыгы бар 258 жаран үй алганын билдирди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-декабрда майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Касымалиев Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3 пайызы) чейин өскөнүн белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди.

"2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 миллиард сом каралган. Ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн (6411 сом) жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылууда. Ушул жылы майыптык боюнча пенсияларга 7,6 миллиард сом багытталган, анын орточо өлчөмү 9 600 сомго жетти",- деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Анда муктаж жарандарга зарыл жардам көрсөткөн 14 730 адамды туруктуу эмгек акы менен камсыз кылган жеке жардамчылар институтунун натыйжалуу иштеп жаткандыгы баса белгиленди. Маалымдалгандай, "Социалдык ипотека" программасы боюнча 258 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды.

Андан ары майыптыгы бар адамдарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, "Жеткиликтүү өлкө" программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана Чүй облусунда жашоо сапатын жогорулатуу боюнча негизги баяндамалар угулду.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы бардык айтылган сунуштарды жана маселелерди камтыган протоколдук чечимдин долбоорун даярдоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: