super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оштогу Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү курулуп бүттү

 
Ош шаарынын мэриясы Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулуп бүткөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 5-декабрда калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев күмбөзгө барып, куран окуткан. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Калаа бийлиги жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Токторбаев август айында Кара-Суу районунда жайгашкан Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн оңдоорун айткан. Сентябрда күмбөздү оңдоо иштерине Ташиев менен Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүшкөнү белгилүү болгон.





Оштогу Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулуп бүттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: