super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Түшүнбөйм". Султанбеков менен Атамбаевдин жактоочусу билдирүү жасады

 

"Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбековго коюлган айыптоо корутундусун жана алардын бөгөт чарасы тууралуу документтерди алдым" деп билдирди алардын жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасында.

Ал бирок кылмыш иши козголгону жана тинтүү жүргөнү тууралуу документтерди ала албай жатканын белгиледи.

"Мыйзам боюнча айыпталуучуларга, ошондой эле тинтүүгө алынган үйлөрдүн ээлерине берилиши керек болгон документтер алардан жана алардын адвокаттарынан эмне үчүн жашырылып жатканын түшүнбөйм. Балким, тинтүү жөнүндө эч кандай токтом деле болгон эмес? Мындан тышкары, тергөө абагына эмне үчүн адвокаттарга кагаз алып келүүгө тыюу салынганын түшүнбөйм",- деп жазды Токтакунов.

Эске салсак, 22-ноябрда Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөндөгү видеосун тараткан. Маалыматта Султанбековдун үйү тинтүүгө алынып, өзү милицияга жеткирилгени айтылган.

Ошол эле күнү мурдагы преиздент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы кармалганын, суракка киргизилгенин билдирген. Ал күнү кечинде Раиса Атамбаева коё берилген.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбеков менен Кадыр Атамбаев массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек 17-январга чейин камакка алынганын маалымдаган. Алар менен бирге дагы ИИМ тарабынан кармалган 8 адам камакка алынган.

Айта кетсек, 22-ноябрда айрым саясатчылардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрым саясатчылар кармалып, айрымдары сурак берип чыгышкан.











 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: