super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Венада Борбордук Азия жана Түндүк Европа мамлекеттеринин ТИМ башчылары жолугушту

 

Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 32-министрлер кеңешинин алкагында өткөн Борбордук Азия жана Түндүк Европа өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын жыйынына катышты. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Дания, Исландия, Норвегия Финляндия жана Швециянын өкүлдөрү катышты. Тараптар Борбордук Азия жана Түндүк Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы экономика, экология, транспорт жана логистика, билим берүү, инновациялар жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо чөйрөлөрүндөгү практикалык кызматташууга тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты.

Кошербаев өз сөзүндө Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу айтып, Түндүк Европа өлкөлөрү менен эки тараптуу жана аймактык деңгээлдеги өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү потенциалын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Борбордук Азия-Түндүк Европа диалогун мындан ары өнүктүрүү боюнча милдеттенмелер ырасталып, жалпы кызыкчылыкты жараткан негизги багыттар боюнча үзгүлтүксүз байланыштар жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Казакстан туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана аймактар аралык кызматташтык чөйрөсүндө туруктуулукту бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштүктү бекемдөөгө умтуларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: