super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Дайырбек Орунбеков: "Шайлоо жыйынтыгы өзгөрүшү мүмкүн"

 
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал бул билдирүүсүн бүгүн, 5-декабрда социалдык баракчасына жазып, айрым мыйзам бузууларды атады.
  • Массалык мыйзам бузуу аныкталган №13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалары айтылды.
  • Аймактык шайлоо комиссиясы № 8 округдагы № 5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чеичм кабыл алышкан.
  • Аймактык комиссиянын чечими менен 26-округдун №7030, №7029 жана №7028 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.
  • Добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган 9-округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Орунбеков мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тиешелүү материалдардын негизинде иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле мамлекет тарабынан таза шайлоо өткөрүү үчүн бүт аракеттер жумшалганын кошумчалады.
"Шайлоо комиссияснын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен, шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боек берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн. Бирок, бир чындык бар – ал, шайлоону таза өткөрүү принциптерине каршы келген фактыларга эч ким көз жумбайт. Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, мыйзам бузулган факты болсо эч кимди аябайт", - деп жыйынтыктады Орунбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: