super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Путин, Эрдоган, Си Цзиньпин баштаган бир катар өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

 

Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 57 жашка толду. Өлкө башчысын бир катар державалардын жана коңшу мамлекеттердин президенттери куттукташты.

Алгачкы куттуктоо Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден келди.

“Быйыл биз Пекин, Астана, Тяньцзин шаарларында үч жолу жолугуп, кытай-кыргыз мамилелерин жогорку сапатта өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик. Бул жаңы доордогу кытай-кыргыз мамилелерин камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү келечекте өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктап берди. Кыргызстан Кытайдын маанилүү коңшусу болуп саналат. Биздин ортобуздагы жакын иштиктүү алакаларды жана жеке достукту жогору баалайм, сиз менен биргеликте кытай-кыргыз мамилелерин дагы жогорку деңгээлге көтөрүүгө даярмын. Сизге чың ден соолук жана бардык иштериңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Андан кийин Орусиянын лидери Владимир Путин өз куттуктоосун жиберип, жакында Кыргызстанга болгон сапары жемиштүү болгонунун билдирди.

“Сиз мекендештериңиздин чын ыкластуу урмат-сыйына жана эл аралык абройго татыктуусуз. Биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга кошкон жеке салымыңыз абдан жогору. Жакында Бишкекке болгон сапарымды, мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздү жылуу эскерем. Биз, албетте, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан ары да бекемдөө максатында конструктивдүү биргелешкен ишибизди улантабыз. Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат телеграммада.

Ушундай эле куттуктоолор жакынкы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан, мындан тышкары Түркия, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия мамлекеттеринин башчыларынан келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: