super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров 57 жашта. Президент куттуктоо каттарынан тышкары телефон сүйлөшүүлөрдү да кабыл алууда

 

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 57 жашка толуп, бир нече өлкөлөрдөн келген куттуктоо телеграммаларын алууда. Бул арада эки мамлекеттин лидерлери куттуктоо катынан тышкары өлкө башчысы менен телефон аркылуу да сүйлөштү.

Алгач Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу байланышка чыкты.

Анда ал Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду тереңдетүүгө жана иш жүзүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара умтулууну ырасташты. Лидерлер быйыл болгон өз ара мамлекеттик сапарлар маанилүү окуя болгонун жана кызматташуунун сапаттык жаңы баскычына өтүүнү, анын туруктуу жана узак мөөнөттүк өнүгүшү үчүн бекем негиз түптөлгөнүн белгилешти.

Андан соң өлкө башчысы менен коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев байланышты.

Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады. Тараптар кыргыз-казак өз ара алакаларынын достук, коңшулаштык жана боордоштуктун тыгыз байланыштарына негизделген жогорку деңгээлин белгилешти. Лидерлер август айында Казакстандын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерде жаңы баракты ачканын баса белгилешип, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары да тереңдетүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: