super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров 57 жашта. Орусия лидери телефон аркылуу байланышты

 

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаровдун Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалагандыгын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан ары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары өлкөлөр ортосундагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу бекем мамилелерин белгилешти. Кыргыз-орус мамилелери үчүн Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон сапары негизги окуялардын бири болуп калды.

Бул сапар эки тараптуу күн тартибинин бардык спектри боюнча стратегиялык өнөктөштүккө кошумча түрткү берип, анын тереңдетилген кызматташтык деңгээлине өтүшүнө өбөлгө түзүп, абдан жемиштүү болду.

Лидерлер алдыдагы жолугушуулар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө кызмат кыларына ишеним билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: