БШК 12 округдун шайлоо жыйынтыгын тааныды. Кимдер депутат болуп келе жатат?

БШК 11 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын тааныды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы бүгүн, 7-декабрда билдирди.
Алар:
№ 29 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – 13 067 добуш (23,45%);
- Белеков Адилет Чолпонбекович – 9 535 добуш (17,11%);
- Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна – 6 688 добуш (12%).
Округу боюнча 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 137 758. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 56 307 шайлоочу катышты. Жалпы 13 талапкер ат салышты.
№ 30 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62 %);
- Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5 %);
- Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %).
Жалпы 103 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 миң 461 шайлоочу. Алардын 62 миң 206сы катышты. Жалпы талапкерлердин саны 14 болду.
№ 11 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84 %);
- Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11 %);
- Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12 %).
№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу 75 шайлоо участогу түзүлүп, 155 миң 495 шайлоочу киргизилген. Алардын 44 миң 106сы добуш берди. Шайлоого 5 талапкер катышты.
№ 20 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);
- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);
- Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%).
Округда 64 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмеси 128 миң 180. Алардын 31 миң 602си шайлоочу катышты. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер ат салышты.
№ 15 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);
- Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%);
- Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%).
Оругу боюнча 104 шайлоо участогу, 160 миң 200 шайлоочусу бар. 68 миң 228 адам 15 талапкер үчүн добушун берди.
№ 27 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);
- Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);
- Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%).
№ 27 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышты. 24 талапкер катталды.
№ 2 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Атажанов Ырысбек Ысламович – 13 794 добуш (23,59%);
- Калпаев Бактыяр Алиевич – 6 981 добуш (11,94%);
- Аманова Бурун Кушбековна – 5 078 добуш (8,69%).
№ 2 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 144 миң 594 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 59 172 шайлоочу, же 40,94% катышты. Шайлоого 14 талапкер катталды.
№ 10 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%);
- Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (2,49%);
- Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 106 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 685 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 63 137 шайлоочу, 16 талапкер катышты.
№ 24 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%;
- Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;
- Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%;
Округу боюнча 60 шайлоо участогу жана кошумча 4 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 134 994 шайлоочу киргизилди. Добуш берүүгѳ 34 309 шайлоочу барып, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 28 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%);
- Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%);
- Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%).
Округу боюнча 108 шайлоо участогу түзүлүп, 160 044 шайлоочу киргизилди. Алардын 57 677си добуш берип, шайлоого 16 талапкер катышты.
№ 5 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Сулайманов Эльдар Нурланович – 18 789 (36,66%);
- Исираилов Азамат Алмазбекович – 9 248 добуш (18,04%);
- Ахмедова Айгуль Абдилхаевна – 5 225 добуш (10,19%).
Округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 74 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 164 881 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 52 172 шайлоочу катышты. Талапкерлердин саны 14.
№ 22 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Бекешев Дастан Далабаевич – 17378 добуш 43,08 %;
- Ибрагимов Болот Адылбекович – 8128 добуш 20,15 %;
- Кожокулова Гуля Ахматкуловна – 1214 добуш –3,01%;
Округ боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 2 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 136 100 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 40 758 шайлоочу катышты. 15 талапкер ат салышты.
Белгилей кетсек, буга чейин БШК №16 округдун гана жыйынтыгын тааныган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















