Бишкекте бычак көтөрүп жүргөн мас айдоочу кармалды (видео)
Бишкекте колуна бычак кармап, мас абалда жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине көчөдө мас абалда кооптуу аракеттерди кылган айдоочу тууралуу маалымат түшкөн.
"Мас абалдагы жаран колунда бычак менен көчөдө чуркап, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан. Кайгуул кызматкерлери ыкчам келип, айдоочуну кармашты. Кармоо маалында ал өз айыбын моюнга алып, чындыгында транспорт каражатын мас абалда башкарганын түшүндүрдү", - деп жазылат маалыматта.
Учурда ага карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.
Бишкекте бычак көтөрүп жүргөн мас айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:15
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















