super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БШК шайланган депуттарга кызматын тапшырууга 3 күн убакыт берди 

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандарга буга чейинки кызматтарын тапшырууга 3 күн убакыт берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө БШКга депутаттык статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

"Бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт", - деди БШКдан.

Шайланды деп таанылган талапкер аталган мөөнөттө ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: