super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Женго менен байланышта болушкан... Адам өлтүрүүгө, аткезчиликке шектелгендер кармалышты

 

Каракчылыкка, аткезчиликке жана 2014-жылдагы киши өлтүрүүгө тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди

Маалыматка ылайык, Муса деген каймана аты менен таанымал 48 жаштагы киши туруктуу уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү аныкталган. Алар болжол менен 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аймагында тоноо, каракчылык кылуу менен алектенип келишкен.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон. ИИМге аталган кылмыштуу топ Баткен аркылуу Тажикстанга эл керектөөчү товарларды аткезчилик жол менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган унааларды өткөрүүгө тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Натыйжада Муса каймана аттуу киши Бишкектен кармалган. Тинтүү учурунда андан колго жасалган револьвер 6 патрону менен, ошондой эле ак порошок түрүндөгү баңгизаты бар баштыкча табылган. Шектүү мурда каракчылык, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча бир нече жолу соттолгон.

Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү Ош облусунун аймагынан колго түшүшкөн. 41 жаштагы шектүү буга чейин каракчылык, опузалоо жана тоноо боюнча бир нече жолу соттолгон. Анын жашаган жерин тинтүүдө Ф-1 гранатасы жана салмагы 8 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат табылган. Ал эми 33 жаштагы шектүү буга чейин адам уурдоо, ден соолукка атайылап зыян келтирүү, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча соттолгон. Анын үйүнөн кесилген мылтык, салмагы 4 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат, кастет табылган.

Аталган адамдар маркум Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна киргени жана Женго деген каймана аттуу криминалдык төбөл Кадырбек Досонов менен түз байланышта болуп, уурулук идеологиясын ачык жайылтып келишкен.

ИИМ иликтөө иштеринде кармалгандардын 2014-жылы Баткен шаарында жеке ишкердин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар болушу мүмкүндүгү аныкталып жатканын кошумчалады.

"2014-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар ишкердин Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, бычак колдонуп, акча талап кылышкан. Андан соң жабырлануучуларга бычак менен жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулар Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк ал алган жаракаттарынан улам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: