Өзбекстан курамасы Роналду баштаган португалиялыктар менен беттешет (видео)
Кийинки жылы Вашингтондо өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда Өзбекстан курама командасы Португалия жана Колумбия менен беттешет. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, чүчү кулак ташталганда Өзбекстан курама командасы К тайпасына кирип, Португалия жана Колумбия курамаларына туш келген. Буга чейин Өзбекстандын футбол федерациясы Португалия футбол федерациясы менен март айында жолдоштук беттеш өткөрүүнү макулдашкан. Бирок командаларды бир тайпага жайгаштырган чүчү кулак беттешти жокко чыгарат. Эми Өзбекстан да, Португалия да март айында өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жаңы атаандаштарды табышы керек.
Ал арада өзбекстандык комментаторлор Криштиану Роналдунун топ-клубдарга каршы оюн талаасында болушу Португалия үчүн негизги артыкчылык экенин, анткени ал коргоочуларды өзүнө тартып, башкаларга орун түзүп берерин айтышкан. Ошондой эле Роналдунун Өзбекстан сыяктуу курамага каршы ойношу аларга пайдалуу болорун кошумчалаган.
Дүйнө чемпиондугунда Өзбекстан курамасы Португалия жана Колумбия менен беттешет
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















