super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө 56 жаштагы киши жубайынын өлүмүнө себепчи болгон делип кармалды

 
Сокулукта 56 жаштагы киши жубайынын өлүмүнө себепкер болгон деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4 күн мурун, тагыраагы, 4-декабрда милицияга Арал айылындагы үйлөрдүн биринен 47 жаштагы жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу маркумдун денесинен көптөгөн көк ала тактарды жана кан уюган издерди аныкташкан. Жансыз дене өлүкканага жөнөтүлгөн.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза маркумдун өлүмүнө жабык баш мээсинин жаракаты, башка жасалган соккудан пайда болгон жаракаттар себеп болгонун аныктаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары маркумдун 56 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөдө жубайлар окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени, андан соң жолдошу жубайын токмокко алганы белгилүү болгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: