Улуттук банк “Тушоо кесүү” коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды
Бүгүн, 8-декабрдан тартып “Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары” сериясындагы “Тушоо кесүү” күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Маалыматта: “Тушоо кесүү” – бүгүнкү күндө да эл арасында кеңири колдонулуп келе жаткан, кыргыздын байыркы ырым-жырымдарынын бири. Бул ырым, бала өз алдынча басууга алгачкы кадамын таштаганда жасалат. Илгертен бери эле ата-эне бул жөрөлгөнү сөзсүз түрдө там-тум баскан бала бутуна бекем турушу жана анын кийинки өмүр жолу бактылуу жана ийгиликтүү болушу үчүн жасашы керек деп эсептешкен”, – деп айтылат.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 6940 сом баасында иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин ошондой эле нумизматикалык баалууулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу да сатылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















