Бек Борбиев турмушка чыккан кичүү кызынын бата тою АКШда болгонун билдирди
Кыргыз Эл артисти, ырчы Бек Борбиев турмушка чыккан кызы Айдеминин бата тою АКШда болгонун билдирди.
"Фарида Сабыралиевна экөөбүз 20 жашыбызда баш кошуп, 2 уул, 2 кызыбыздын ата-энеси болдук. АКШ өлкөсүндө бата тою менен кичүү көкүрөк күчүгүбүз Айдеми нике турмушуна узады. Ушул кызымды Фарида атайын Ошко барып Сулайман тоосунан Кудайымдан сурап алган. Атын өзүм эч кимде жок ат болсун деп, 3 күн толгонуп, түнкү Айдын деми болсун деп, Айдан сурап алгам.
2 кыз 2 уулду тарбиялап өстүргөн жубайым Фаридага Аллахтын ыраазычылыгы болсун. Мен ыраазымын, бактылуумун. Баарына Кудайым күбө, балдарыбыздын баары турмуш курушту. Эми неберелердин тойлорун да насип кылсын", - деп жазды ырчы социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Борбиев кызын турмуш жолуна узатканын билдирген.
Бек Борбиев кичүү кызын АКШда турмушка узатты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















