Араванда 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши 3 жылга соттолду
Араван районунда 29 жаштагы жаран зордуктоого шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-августта милицияга 18 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал 12-август күнү Telegram мессенжеринде таанышкан киши жумуш таап берем деп чакырып, унаасында зордуктаганын билдирген.
Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү кармалган.
Облустук милиция топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн, сот шектүүнү 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмү чыгарганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:15
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















