ЦУМдун жанындагы жол кыймылына жолтоо болгон курулуштар бузулат (фото)
Бүгүн, 8-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Old Bishkek долбоору менен таанышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине барган.
"Буга чейин социалдык тармактарда, Чүй проспектисиндеги жолду бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн. Жолго чыгып кеткен курулуштар тезинен жокко чыгарылып, жол тилкеси тез аранын ичинде өз калыбына келтирилет", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле аталган маселе боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине, жана тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилгени кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















