Изин жашырууга аракет кылган... Баткенде айдоочу адам өлтүрүүгө шектелүүдө
Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 3 күн мурун, тагыраагы, 5-декабрда саат 21:00дө Садыков көчөсүндө орун алган. Анда Mercedes-Benz унаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы жигит 46 жаштагы кишини сүзүп алып, жасаган кылмыш ишинин изин жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн унаасына салып алып, ал жерден кетип калган.
Маркумдун жансыз денеси 6-декабрда саат 09:30да жол четинен табылса, ал эми унаа болсо унаа тетиктери базарынан табылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:15
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















