super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Евразия Кыргызстандын" аймактык өкүлчүлүгү өлкөнүн алдыңкы университеттери менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койду

 

"Евразия Кыргызстандын" аймактык өкүлчүлүгү өлкөнүн үч ири окуу жайы болгон Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика университети (КЭУ), Кыргызстан Эл аралык университети (ЭУ) жана Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту.

Макулдашуулар "Евразия Кыргызстан" менен аталган жогорку окуу жайлардын ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле студенттер, окутуучулар жана жаш адистер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. Кызматташуу биргелешкен билим берүү жана маданий долбоорлорду, тренингдерди, лекцияларды жана жаштардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган практикалык иш-чараларды камтыйт.

"Биз өлкөнүн алдыңкы университеттери менен кызматташууну баштаганыбызга кубанычтабыз. Биргелешкен долбоорлор олуттуу жыйынтыктарды берип, Кыргызстандын билим берүү жана социалдык-маданий чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенебиз", - деп белгиледи "Евразия Кыргызстан" аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Кымбат Урумкулова.

Мындан тышкары, тараптар мындан ары өнөктөштүктү бекемдөөгө, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, жаш адистердин демилгелерин колдоого жана кесиптик өсүү үчүн жаңы аянтчаларды түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Уюм жөнүндө:

ANO "Евразия" – салттуу баалуулуктарды сактоо менен этностор аралык байланышты өнүктүрүүгө, гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүчү коммерциялык эмес уюм. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, түрдүү маданияттын өкүлдөрүнүн бири-бири менен баарлашуусуна шарт түзөт, билим берүү, медицина боюнча долбоорлорду иштеп чыгат. Анын негизги багыттарынын бири мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлорго билим берүү программалары, ири мамлекеттик компанияларда тажыйырба топтоо жана медиамектеп кирет. Жарым жыл ичинде "Евразия" ар кайсы өлкөлөрдөн келген 100 000 катышуучуну бириктирип, Евразия чөлкөмүндөгү гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алдыңкы платформасынын көрсөтө алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: