Бакыт Төрөбаев менен Азербайжандын президентинин жолугушуусу болду
Кечээ, 7-декабрда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевди Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бакуда кабыл алды.
Өкөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Төрөбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саламын Алиевге жеткирип, ал акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы, стратегиялык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берген жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогдун өзгөчө ролун белгилеген.
Өз кезегинде Илхам Алиев Жапаровго жылуу саламын жеткирүүнү суранып, кыргыз-азербайжан мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жаткандыгына жогору баа берип, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн ар тараптуу бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Азербайжандын башчысы Бакуда өтө турган экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын күн тартиби тыгыз кызматташуунун жана практикалык кызматташууну тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуунун ачык далили экенин айтты.
Жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, алгачкы долбоорлорун каржылай баштаган Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши талкууланды. Илхам Алиев азербайжан тараптын Кыргызстанда фонддун каражаттары менен ишке ашырылып жаткан келечектүү долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт жана логистика, өз ара инвестиция, билим берүү, гуманитардык алмашуу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















