Алдамчылыкка шектелип кыз менен жигит кармалды
Кара-Балта шаарынын 76 жаштагы тургунун алдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу 4 күн мурун, тагыраагы, 4-декабрда милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2-3-декабрь күндөрү өздөрүн "Мегаком" компаниясынын, Улуттук банктын кызматкеримин деп тааныштырып телефон чалгандар "коопсуз эсепке которуңуз" деген шылтоо менен 3 миллион сомун алдап алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 24 жана 25 жаштагы кыз менен жигит кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
"Алар буга чейин "Оптима2 банкттык картасын жасатып, анын маалыматтарын Telegram аркылуу сатышкан. Бул карта алдамчылар тарабынан каражаттарды ээлеп алуу үчүн колдонулган. Ошентип кармалгандар өз интернет-банкингине башка адамдардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген, бул дагы кылмыш болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:15
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















