Милиция кызматкерлери дем албай жаткан наристени ооруканага жеткиришкен (видео)
Милиция кызматкерлери дем албай жаткан наристени ооруканага жеткирүүгө жардам берди. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда саат 23:00 чамасында болгон. Анда кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине Ала-Тоо конушундагы Иманалиев көчөсүнөн жаран "балабыз дем албай жатат" деп шашылыш түрдө кайрылган.
"Кайгуул кызматкерлери кырдаалдын оордугун эске алып, убакытты жоготпой наристени кызматтык унаага алып, үчүнчү балдар ооруканасына тез арада жеткирип, дарыгерлерге өткөрүп беришти", - деп билдирди ЖКККБ.
Милиция кызматкерлери дем албай жаткан наристени ооруканага жеткиришкен
Милиция кызматкерлери дем албай жаткан наристени ооруканага жеткиришкен
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:37
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















