"Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын директору кармалды
Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын директору Т.Э.Т. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаадагы Айтматов атындагы шаардык сейил бакты жакшыртуу үчүн жарыктандыруу мамыларын сатып алуу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталган.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси (Атайылап пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында "Бишкексветтин" кызмат адамдарынын подрядчы менен алдын ала сүйлөшүп, атайылап пайдасыз келишим түзүп, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган", - деп жазылат билдирүүдө.
Натыйжада "Бишкексвет" ишканасынын директору Т.Э.Т.ге, башкы инженер И.Э.И.ге жана "ТС" ЖЧКсынын директору Н.Р.А.га айып тагылды. Алар кармалып, УКМКнын штаб-квартирасынын тергөө абагына камалышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















