БШК №18 округдагы шайлоону тааныды
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Документке ылайык, аталган округда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№18 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Ханджеза Карим Лемзарович – 7 893 добуш (16,33%);
- Чомоев Бакыт Муратбекович – 6 906 добуш (14,28%);
- Сатиева Гүлжан Эркинбековна – 5 142 добуш (10,64%).
"Округ боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө №18 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 3 билдирүү келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди", - деп билдирди БШКдан.
Ал эми округдагы шайлоочулардын тизмесине 140 104 жаран киргизилген, добуш берүүгѳ 49 052 шайлоочу катышты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















