Манас шаарында поликлиниканын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты аныкталды
Манас шаарында жайгашкан "Жалал-Абад стоматология" стоматологиялык поликлиникасынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратура бүгүн, 8-декабрда кабарлады.Маалым болгондой, поликлиниканын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталды.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында наркы 113 миллион 872 миң сомдук имарат жер аянты менен муниципалдык менчикке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:15
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















