super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жапаров капиталдык оңдоодон өткөн УТРКнын имаратына барды (видео)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барды.

Мамлекет башчысына УТРКнын административдик корпусу, ошондой эле ар кайсы жылдары курулган аппараттык-студиялык комплекс жана техникалык жайлар каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелгенинен жана тиешелүү деңгээлде кароонун жоктугунан улам канааттандырарлык эмес абалда болуп келгендиги тууралуу маалымат берилди.

Президенттин администрациянын маалыматына ылайык, президент 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 миллион сом бөлүү тапшырмасын берген. Анын алкагында радио борбордун, редакциялык жана көркөм цех корпустары, административдик блоктун жана аппараттык-студиялык комплекстин фасады толук жаңыланган.

Анда ашкана кеңейтилди, ал эми он жылдан ашык пайдаланылбай келген эски кинозал заманбап көп функциялуу конференция залына айландырылды. Ошондой эле ардактуу конокторду кабыл алуу үчүн VIP-бөлмө жаңыланган.

Мамлекет башчысы УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, түз эфир жана үн жаздыруу студияларын, ошондой эле классикалык обондорду жаздыруу үчүн залды көрүп чыгып, анда А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин аткаруусундагы чыгарманы укту.

УТРКнын башкы директору Улан Сатиев учурда студияны модернизациялоо жана залдын акустикасын жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле телерадиокорпорациянын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө оңдоо иштерин аягына чыгаруу зарылдыгы айтылды.

Президент телеберүү жана радиону техникалык модернизациялоонун алкагында жабдууларды мурда каралгандай төрт жылда эмес, бир жыл ичинде сатып алуу маанилүү экенин баса белгилеп, УТРКны оңдоодон толук бүтүрүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды.






Жапаров капиталдык оңдоодон өткөн УТРКнын имаратына барды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: