Бишкекте КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү: Досмамбетов бир катар тапшырмаларды койду
Бүгүн, 8-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Бишкекте КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү боюнча жыйын өткөрдү.
Ага профилдик башкармалыктардын адистери, министрликтин башкы штаттан тышкаркы адистери, ошондой эле Улуттук эне жана балдарды коргоо борбору менен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчилери катышты.
"Жыйында Досмамбетов стационарлардын жүгүн азайтууга, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана бейтаптар менен медицина кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдында сутка бою иштей турган Ситуациялык борбор түзүүнү тапшырды. Борбор эпидемиологиялык кырдаалды, калктын кайрылууларын жана ооруканалардын жүктөлүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, өз убагында чечим кабыл алууну камсыздай турганы белгиленди.
Министр Улуттук эне жана балдарды коргоо борборунун жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында бөлүмдөрдү убактылуу кайра багыттоо аркылуу кошумча 200 керебет жайгаштырууну тапшырды. Бул чара Бишкек шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасынын ашыкча жүктөлүшүн алдын алууга жана жардамга муктаж балдарга өз учурунда кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жумушун жеңилдетүү максатында Бишкек шаарындагы баштапкы звенодон 10 педиатрды убактылуу стационарга жөнөтүү, Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын аймагында эки көчмө клиника жайгаштыруу тапшырылды.
«Бүгүн биздин негизги милдет – сезондук оорулардын өсүү шартында балдарга өз учурунда жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү. Биз алдын ала чара көрүп, дарыгерлердин жүгүн азайтууга жана калк үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган чечимдерди кабыл алышыбыз керек.
Ситуациялык борбордун түзүлүшү, телемедицинанын күчөтүлүшү, кошумча керебеттердин жайгаштырылышы жана адистерди тартуу — бул кырдаалды турукташтырууга жана ишибиздин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген кадамдар», — деп белгиледи Досмамбетов.
Белгилеп кетсек, 49-жумада (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 учуру катталды. 48-жумага салыштырмалуу оорулуулардын өсүшү 15,3 пайызды түздү (48-жумада 37 066 учур). Бардык катталган бейтаптардын 72,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар (15 029 учур).
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















