Өзбекстандын президенти абактагы 600дөн ашык адамга ырайым берди
Өзбекстанда Конституциянын 33 жылдыгына карата абактагы 615 жаранга ырайым берилди. Тиешелүү документке президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, алардын ичинен 220 адам негизги жазаны өтөөдөн толук бошотулуп, 123 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылат. Ал эми 97 жаранга белгиленген жаза жеңилдетилген жазага алмаштырылган. Мындан тышкары 175 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.
Ырайым берилгендердин арасында 9 чет мамлекеттин жараны, 29 аял, 60 жаштан ашкан 23 эркек, 30 жашка чейинки 264 адам (анын ичинде 2 жашы жете элек өспүрүмдөр), ошондой эле тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 9 адам бар.
"Жооптуу министрликтерге жана кызматтарга ырайым кылынган жарандарды үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтаруу, алардын социалдык жактан ыңгайлашууга жардам көрсөтүү, эмгекке тартуу жана коомдо ордун табууга көмөктөшүү тапшырмасы берилди", - деп жазылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















